Жез кенташтары

Википедия дан

Жез кенташтары – курамында казып жана бөлүп алууга арзырлык өлчөмдө жез металлы бар табигый минералдардын жана тоо тектердин чогундусу. Жез жаратылышта 170ке жакын минералда кездешет, алардын 17си (таза жез, борнит, халькопирит, халькозин, ковеллин, куприт, малахит, азурит жана башка) өндүрүштүк мааниге ээ. Жез кенташтары түрдүү геологиялык шарттарда (магма, карбонат, скарн, гидротерм, колчедан, стратиформдук) пайда болуп, ар кандай мезгилдеги тоо тектерде жолугат. Жез кенташтарынын курамында жез минералдарынан башка пирит, пирротин, цинк, коргошун, никель, кобальт, молибден, сурьма жана башка болот. Жез кенташтары текстуралык түзүлүшү боюнча массивдүү (жездин өлчөмү 3%тен ашык) жана тарамча-бүртүкчөлүү (0,4–2%) болуп айырмаланат. Пайда болуу шарттарына, кенташ тулкуларынын морфологиясына жана курамына жараша бир нече өндүрүштүк типке бөлүнөт: тарамча-бүртүкчөлүү (жездин орточо өлчөмү 0,3–2,0%), жездүү кумдук жана сланецтер (стратиформдук, 1,5–6,0%), жез колчеданы (1,5–8,0%), жез никелдүү (сульфиддүү, 1–2% жана андан көп), полиметаллдуу (0,5–4%), кварц-сульфид тарамдары (2–5%), скарн (2–3% жана андан көп) жана ар кандай типтеги кенташтар (жез-ванадийлүү, жез-кобальттуу, жез-висмуттуу, жез-темирлүү, жез-алтындуу жана башка). Кору жана казып алынышы боюнча тарамча-бүртүкчөлүү кенташ башкы орунда турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1