Жей Эшер

Википедия дан
Жей Эшер (2011).

Жей Эшер (англ. Jay Asher) — күнүбүздөгү америкалык өспүрүмдөр романын жазуучу. Ал "Эмне үчүн экенине он үч себеп" (англ. Thirteen Reasons Why) чыгармасы менен белгилүү.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эшер Калифорниянын Аркадия жергесинде 1975-жылы 30-сентябрда туулган. Ал гитара ойноодон тартып жазуучулукка чейин бардык кызыгууларын ишке ашырууга колдоо көрсөткөн үй-бүлөдө өсүп чоңойгон. Ал Сан Луис Обиспо орто мектебин бүтүргөндөн кийин эле Куеста коммүнити коллежине барган. Ал ошол жерде "Балдардын адабий баасы" сабагында өзүнүн алгачкы эки балдар китебин жазган. Орто мектепти аяктагандан кийин ал башталгыч класстын мугалими болгусу келген. Кийин ал Сан Луис Обисподогу Калифорния штатынын политехникалык университетине которулуп кеткен. Ал жерде Эшер акыркы курста окуп жүргөндө окуусун таштап, жазуучулук эмгек жолун улантып кетүүнү чечкен. Ал 2002-жылдын 7-сентябрында Жоан Марияга үйлөнгөн. Ал өз жашоосунда бут кийим дүкөнүндө, китепканада жана китеп дүкөндөрүндө сатуучу болуп, ошондой эле башка ар кандай компанияларда иштеген. Иш тажрыйбасынын көпчүлүк бөлүгү анын китептеринин айрым аспекттерине таасир эткен.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]