Жеке колтийбестик

Википедия дан

Жеке колтийбестик – адамдын фундаменталдуу жана ажыратылгыс жеке укуктарынын бири. Ж. к. институту кугунтуктоо чараларын көрүүдө зомбулукка жол берилбөөсүн болжолдойт. Ж. к-тин конституциялык кепилдиктери, эреже катары, төмөнкүлөрдөн турат: а) кылмыш курамы мурда чыгарылган мыйзам менен аныкталууга тийиш; б) кармоо сотко даттанылышы мүмкүн жана кармоонун эң узак мөөнөтү соттун чечимисиз эле белгиленет; в) камакка алуу сот буйругунун же прокурордун санкциясынын негизинде гана жүргүзүлөт; г) эркиндигинен ажыратуу адамга бардык белгилүү процесстик кепилдиктерди сактоо менен жүргүзүлгөн тергөөнүн жүрүшүндө жана сотто анын күнөөсү аныкталгандан кийин гана берилген жаза болууга тийиш. Ж. к. укугу КР Конституциялык мыйзамы менен кепилденген. Ар бир кармалган же камалган адамга кечиктирилбестен, анын кармалуусунун жана камалуусунун себептери билдирилип, укуктары түшүндүрүлүшү жана кармалган учурдан тартып өзүн коргоо жана адвокаттын укуктук жардамынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилиши керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]