Жеке мамиле кылуу

Википедия дан

Жеке мамиле кылуу - балдардын жеке өзгөчөлүгүн-мунөзүн, шыгын жана турмуш шартын эске алуу менен жүргүзүүчү тарбия иши.

Ар бир окуучунун жеке өзгөчөлүгү эске алынганда гана окутуу жана тарбиялоо ийгиликке жетет. Педагог өз окуучуларын ар тараптан байкап, изилдеп билүү менен анын мүнөзү, шыгы, кызыгуусу жана ага үй-бүлөнүн, курчап турган чөйрөнүн таасири жөнүндө толук түшүнүк алат.

Жеке мамиле кылуу баланын психологиясына, жашына, мүнөзүнө/окууга жөндөмүнө жараша мамиле кылуудан башка да, окуучунун келечекке туура багыт алышына өбөлгө түзөт.

Жеке мамиле кылуу ар бир баланын жүрүш-турушу менен окууга болгон мамилесиндеги айрым себептерди билүүгө, мугалим балага карата тарбиялык, пед. чараларды колдонууда туура жолдорду табышына жардам берет. Окутуу жана тарбия берүү ишинин тажрыйбасында Жеке мамиле кылуу аркылуу ар бир окуучу менен иштей билгенде гана бирдиктүү, ынтымактуу окуучулар коллективин түзүүгө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.