Аликбек Жекшенкулов

Википедия дан
Жекшенкулов, Аликбек‎»‎ барагынан багытталды)
Жекшенкулов Аликбек

Жекшенкулов Аликбек (25.5.1957-ж. т., Кочкор району, Чолпон айылы) — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (1992—95), 1-класстагы Атайын жана Толук ыйгарымдуу элчи (1996), “Акыйкат" партиясынын лидери.

1980-ж. Украина айыл чарба академиясын токой чарба инженери адистиги боюнча бүткөн.

1980—82-ж. Аламүдүн районундагы "Ала-Арча" Кыргыз мамлекеттик табигый паркынын участка начальниги, 1982—86-ж. комсомолдун Аламүдүн райкомунун 2-, 1-катчысы, 1986—90-ж. ЛКЖС БКнын катчысы, Кыргызстан ЛКЖСнын Ош обкомунун катчысы, 1990—92-ж. Жаштар иши боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын 1-орун басары, 1992—94-ж. Президенттин Аппаратында референт, Жогорку Кеңештин эл аралык жана парламенттер аралык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, 1994—95-ж. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары, 1995-жылдан 1-орун басары.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]