Жекшенов Калыбек Шейшенович

Википедия дан

Жекшенов Калыбек Шейшенович (1952-ж. т., Жайыл району) - комузчу. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2004).

  • 1967-71-ж. Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын эл аспаптар бөлүмүнөн окуган. Ошол жылдары Кыргыз филармониясында К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин артисти болуп иштеген.
  • 1976-ж. Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн.
  • 1976-89-ж. республикалык адистештирилген М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатында мугалим болуп иштеп, мектептин таланттуу окуучуларынан комузчулар ансамблин уюштурган.

Ансамбль көптөгөн республикалык конкурстардын, фестивалдардын лауреаты болгон.

  • 1989-94-ж. Кыргыз мамлекеттик И. Арабаев атындагы педагогикалык университетте кафедра башчысы.

Университетте кыргыз эл аспаптарынан фольклордук ансамбль уюштурган. Ансамбль республикада өтүүчү ар кандай өкмөттүк салтанаттарга, КМШ өлкөлөрүндө өткөн Кыргыз искусствосунун күндөрүнө, жумалыктарына, концерттерге жандуу катышат.

  • 1994-жылдан тартып Кыргыз улуттук консерваториясынын фольклор кафедрасын жетектейт.
  • 1990-ж. Кыргыздын салттуу фольклору боюнча алгачкылардан болуп окуу-методикалык куралдарды, окуу программаларын иштеп чыккан.

Күүлөрдү нотага түшүрүп, концерттик - аткаруучулук репертуарды байытуунун үстүндө такай эмгектенет. Түркмөн, Тажик Республикаларынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.