Жекше Асанкожоев

Википедия дан

Асанкожоев Жекше (1930-2008) - кыргызстандык дарыгер жана акын.

Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Кайырма-Арык айылында туулган.

Бишкектеги Кыргыз Мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Медицина илимдеринин кандидаты. Саламаттык сактоо тармагынын отличниги.

Кыргызстандын ар кыл аймактарында (анын ичинде Нарын, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында) дарыгер болуп иштеген.

Кыргыз тилинде бир нече ырлар жыйнактарын чыгарган, өлкөдөгү ар кыл гезит-журналдарга кабарлар жана публицистикалык макалалар жарыялаган.

Кыргызстан Журналисттер союзунун мүчөсү.