Желаргы көрүстөнү

Википедия дан

Желаргы көрүстөнү – эрте темир дооруна таандык 22 көрүстөндөн турган археологиялык эстелик. Бишкек-Балыкчы жолунун 108 кминде, Чүй суусунун сол тарабында жайгашкан. 1974-ж. археолог В. П. Мокрынин изилдеген. Үч көрүстөндө маркумдардын сөөктөрү ички дубалы таш менен кыналган чуңкур көрлөргө, калганы жөнөкөй көрлөргө коюлган. Сөөктөрдүн жанынан карапа идиштер, акак шурулар, коло күзгү жана бычактар табылган. Маркумдардын антропологиялык түзүлүшүндө европеоиддик да, монголоиддик да белгилер бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1