Желгабыз

Википедия дан

Желгабыз - мал жана адамдын жугуштуу дарты.

Муну анаэробдук микроб козгойт. Ал организмге териден тытык, чел ж. б. аркылуу кирип, тканды жабыркатат.

Желгабыз дартына малдын бардык түрү, кээде канаттуулар жана адам да чалдыгат. Желгабызга айрыкча оор туут, бычуу, катуу травма себепкер. Дарт жышаналары малдын түрүнө, ылаңдаткычтын кирүү жолдоруна жана анын вируленттуулугуне байланыштуу. Малдын тепмературасы көтөрүлүп, жүрөктүн кагышы начарлайт, көбүнчө жел шишик пайда болот.

Шишикти кесип, антисептик менен жууп, антибиотик менен дарылайт. Дарттан сактануу максатында операция жүргүзгөндө, туутка жардам бергенде санитардык эрежелерди туура колдонуу керек. Дарттуу малдын эти тамак-ашка жарабайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.