Желдеткич

Википедия дан

Желдеткич - вентилятор (лат. ventiеator – сапыргыч, ventilo – сапыруу, булгалоо, үйлөө) – абанын же башка газдын агымын түзүү үчүн 15 кПага чейин ашыкча басымды пайда кылуучу түзүлүш. Ал имарат жана рудниктерди желдетүүдө, мешке абаны үйлөп жана алардан түтүндү чыгарып кетүүдө, материалды кургатууда, машина тетиктерин жана механизмдерин муздатууда, чубурма жана була материалдарын, аба же өткөргүч түтүктөр аркылуу аэроаралашманы ташууда жана ушундай сыяктуу колдонулат. Желдеткич кубаттуулугу боюнча үй-тиричилиги үчүн жана өнөр жайлык, ал эми түзүлүшү боюнча борбордон четтөөчү жана октук болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1