Желдең

Википедия дан

Желдең - баргы, бугу урууларынын курамдарындагы уруктар. Кыргыз таануучулар желдең уруусу менен хакастардагы «чилдег» сөөгүнүн (уругу) түз этногенетикалык байланышына токтолушат. Хакастардын курамындагы «чилдег» сөөгү теги жагынан кыргыздарга өтө жакындыгы аныкталган качин-хакастардын курамына кирет. «Чилдег» сөөгү хакас тарыхый фольклорунда желден, шамалдан туулган баладан тарагандыгын баяндайт. Хакас мифологиясындагы Чилдег хан шамандын кожоюну катары чагылдырылат. Этностук аталыштын экинчи компоненти -денг/-денг кеттердин (самодий урук- тары) «адам», «киши» деген сөзүн түшүндүрөт. Хакас этнографы, профессор В.Я.Бутанаев «кыргыздардын курамында кет (самодий) этнокомпоненттеринин болушу, теңиртоолук кыргыздардын мекени Энесай чөлкөмү деген теориянын тууралыгынын далилдерин» белгилеп келет. Эзелки замандардан адамдар от, суу, жер менен катар абага, өзгөчө шаманга да ыйык күч катары сыйынып келишкенин шаман дининен байкоого болот. Алтай шаманизминде шамал (жел) жаратылыштын күчүн чагылдырган, ритуал учурунда шамандар бороон-шамалды, жөнөкөй эле желди чакырышкан. Шаман ритуал процессинде бубендин, байланган тал-чөптүн, кездеменин кесиндилери менен бирге кыймылдап, алардын жардамы менен жасалма түрдө айланган желди (шамал) пайда кылышкан. Ушул желдин (шамалдын) көмөгү менен шаман өзүн колдоочу духтар менен баарлашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]