Желе (аңчылык)

Википедия дан

Желе — илбээсин кармаш үчүн жылкынын туу куйругунан, бышык жиптен же чыйратылган кылдан жасалган аңчылык куралы. Аны кылтак желе же тузак желе деп аташат. Желе 5–6 же 10–15 көздүү (кылтактуу) жасалат. Ал көбүнчө кекилик, чил, бактек, жапайы каз, өрдөк кармоо үчүн пайдаланылган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.