Желимдер

Википедия дан

Желимдер, адгезивдер — түрдүү материалды жабыштырып бириктире турган табигый же синтет. заттар. Ж. курамына анын сапатын жакшыртуучу заттар, толуктагычтар мис., эластификатор, пластификатор кошулат. Ж. чаптоо касиети адгезия процессине негизделген. Буюмдар желимдөөнүн алдында атайын иштетилет. Чаптоо убагында муздатуунун, желим эритмесинен эриткичтин буулануусунун жана желим компоненттеринен хим. жактан өзгөрүүсүнүн натыйжасында жабышуу пайда болот. Ж. орг. эмес, орг. же элемент орг. болуп бөлүнөт. Орг. эмес Ж-ге суюк айнек жана желим-фриттер (металл жана керамика чаптоочу) кирет. Орг. Ж. табигый жана синтет. полимерден алынат. Сиңтет. Ж. табигый Ж. караганда материадды бекем чаптайт жана түрдүү таасирлерге туруктуу болгондуктан, металл, айнек, карапа, пластмасса, жыгач, целлюлоэа жана башка материалды чаптоодо кеңири колдонулат. Элемент орг. Ж. кремний, бор жана металл орг. полимерден алынат. Көбүнчө кремний орг. Ж. кеңири колдонулат. Ж. суюктук (эритме, эмульсия, суспензия), кабыкча, күкүм жана таякча түрүндө даярдалат. Катуу Ж. пайдалануу алдында эритилет же ысытылат. Ж. алуу технологиясы кыйын эмес жана колдонууга эмгекти көп талап кылбайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]