Желмогуз

Википедия дан

Желмогуз (түрк-моңголчо) — мифтик жандык. Көп элдердин фольклорунда киши кебетесиндеги Ж-дун образы кезигип, ал көпчүлүк учурларда башкы оң каармандар менен согушат. Адам баласынын байыркы мезгилдеги түшүнүгүнө байланышкан Ж-дун образы көп белгиси, аткарган кызматы жагынан түрк-моңгол элдеринин эпостук чыгармаларында негизинен бирдей, окшош. Ал тургай мифтик бул кейипкердин ысымынын аталышынын үндөштүгү да алардын образынын теги бир экендигин айгинелейт. Мисалы, кыргыз мифологиясындагы Ж. казактарда "желмауз", өзбектерде "ялмогиз", алтайлыктарда "моңуз" ("моос", "маңыз"), туваларда "маңгыс" ("моос"), хакастарда "моос", моңголдордо "маңгас" ("мангус"), буряттарда "мангадхай" деп аталат. Ж. элдик чыгармаларда тектеш, типтеш чагылдырылган менен көркөм образ катары улуттук мүнөздөгү айырмачылыктарга ээ. Алар дайыма элдик баатырларга каршы туруп, кыянаттык кылат. "Манас" эпосунун "Сейтек" бөлүмүндө чагылдырылган Желмогуз уулу Сарыбай дөө менен болгон күрөш (Курама варианты, "Сейтек", 210—229) бөтөнчө көркөм сүрөттөлүп, Ж-дун типтүү образы мүнөздөлөт. Ж-га каршы күрөш поэманын баатырдык багытын жогорку бийиктикке чыгарат. Сарыбай желмогуздун жеңилиши адилетсиздикти акыйкаттык, жамандыкты жакшылык жеңиши, эл мүдөөсүнүн жүзөгө ашышы болуп эсептелет. Бул сыяктуу жомоктук мифологиялык мотивдер Ж-дун эпосто чагылышын, учкул кыял көркөм сөздүн мыйзамына ылайык апыртмалуу, укмуштуу-кереметтүү жагдайда (сыпатта) баяндалышын көрсөтүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4