Желчиев Антонбек Аралбаевич

Википедия дан

Желчиев Антонбек Аралбаевич (туурасы Желчиев A. А. Жылчиeв 1949-ж. туулган, Сокулук району, Военно-Антоновка кыштагы) - чарба жетекчиси.

Фрунзе атындагы айыл чарба техникумун (1975) жана Фрунзедеги К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтун сырттан окуп бүтүргөн (1988).

  • Эмгек жолун 1967-ж. Военно-Антоновка кыштагындагы автобазада айдоочу болуп баштаган.
  • 1970-96-жылдары «Рассвет» колхозунун, мал чарбасында бригадир, ферма башчысы, башкы зоотехник, Военно-Антоновка айыл өкмөтүндө төраганын орун басары (1996-2001), кийинчерээк төрага болуп иштеген.
  • 1975-2002-жьшдары Военно-Антоновка айылдык кеңешине депутат болуп шайланып келген.
  • Сокулук районунун айыл чарба башкармалыгында жетектөөчү адис (2002-03), Фрунзе атындагы мамлекеттик асыл-тукум мал чарба заводунда мал чарбасы боюнча төрага (2003-08) болуп эмгектенген.
  • 2009-жылдан ардактуу эс алууда.
  • Теги суусамырлык, чал уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9