Женнифер Энистон

Википедия дан

Женнифер Жоанна Энистон (англ. Jennifer Joanna Aniston; 1969-жылы 11-февраль) – америкалык актриса, продюсер жана бизнесчи.Женнифер грек актеру Жон Энистон менен америкалык актриса Нэнси Доудун кызы. Ал "Достор" (англ. Friends, 1994-2004) аталышындагы популярдуу телесериалда Рэйчел Гриндин ролун аткаруу менен дүйнөлүк атактуулукка жеткен, бул роль үчүн актрисага прайм-тайм "Эмми" сыйлыгы, "Алтын глобус " сыйлыгы жана АКШ киноактерлор гилдиясынын сыйлыгы ыйгарылган. Телесериалдын трансляциясы учурунда, Рэйчел каарманы кеңири популярдуулукка жетип АКШнын телекөрсөтүү жаатындагы 100 эң мыкты аял каарманы катары аныкталган.

Энистон бир канча күлкүлүү жана романтикалык тасмаларда башкы ролдорду аткарган. Эң көп кассалык чогултууларга ээ болгон, Энистон аткарган тасмаларга "Бардыгын бийлеген Брүс" (англ. Bruce Almighty, 2003), "Айрылышуу" (англ. The Break-Up, 2006), "Марли жана мен" (англ. Marley & Me, 2008), "Жалган нике" (англ. Just Go with It, 2011), "Жадаткан башкармалар" (англ. Horrible Bosses, 2011) жана "Миллерлердин кызык үй-бүлөсү" (англ. We're the Millers, 2013) кирет, булардын ар бирөөсү дүйнө жүзү боюнча 200 миллион АКШ доллардан ашык кассалык чогултууларды жыйнаган. Энистондун киносынчылар тарабынан жогору бааланган ролдору: "Акчалуу курбулар" (англ. Friends with Money, 2006) тасмасындагы Оливия каармандын ролу, "Тартиптүү" (англ. The Good Girl, 2002) тасмада аткарган ролу (бул тасма үчүн актриса Independent Spirit Award сыйлыгынын "Эң мыкты актриса" номинациясына ээ болгон) жана "Күнжара" (англ. Cake, 2014) оор окуядагы аткарган ролу (бул тасма үчүн актриса "Алтын глобус "сыйлыгынын номинацияларынын жеңүүчүсү болгон жана АКШ киноактерлор гилдиясынын сыйлыгынын "Эң мыкты актриса" номинациясына ээ болгон). Актриса роль аткарган башка тасмалар: "Алдыңарда Полли" (англ. Along Came Polly, 2004) жана "Балким сага тең эмес" (англ. He's Just Not That Into You, 2009). 2008-жылы Энистон Echo Films тасма өндүрүш компаниясынын кош-негиздөөчүсү болгон.

2012-жылы Энистонго Голливуд атак-даңк аллеясынан жылдыз берилген. Энистон Голливудтагы иш акыны көп ала турган актрисалардын бири болуп саналат, 2017-жылдын маалыматтары боюнча актрисанын болжолдуу финансылык барбайлыгы 200 миллион АКШ долларга бааланган. Энистон журналдардын "Дүйнөдөгү эң сулуу аял" тизмелерине киргизилген. People журналы, 2004чү жана 2016-жылдары актрисаны "Эң сулуу аял" деп тапкан, ал эми 2011-жылы Men's Health журналы Энистонду "Эч бир заманда болуп көрбөгөн эң жагымдуу аял" деп тандаган. Беш жыл бирге өмүр сүргөн Брэд Питт менен ажырашкан соң, 2015-жылдан бери Энистон актер Жастин Теро менен жашап келет.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]