Жергиликтүү коомдоштуктар

Википедия дан

Жергиликтүү коомдоштуктар - айылдык (кыштактык), посёлкалык жана шаардык кеңештердин аймактарында туруктуу жашаган калктын, жергиликтүү маанидеги маселелерди өздөрүнүн өкүлчүлүктүү, аткаруучу-тескөөчү жана башка органдары аркылуу чечүү үчүн жалпы таламдарда бирикмеси.

Жергиликтүү коомдоштуктар Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун баштапкы деңгээли болуп саналат. Жергиликтүү коомдоштуктун өкүлчүлүктүү органдары - айылдык (кыштактык), поселкалык жана шаардык кеңештер, тике жана жашыруун добуш берүү менен калк тарабынан шайланган депутаттардан турат. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү коомдоштуктар аймагында жашабаган, бирок аталган аймакта кыймылсыз мүлктү менчиктеген, жергиликтүү бюджетке салык төлөгөн жана жергиликтүү коомчулуктун ишине катышууну каалаган жараны ага мүчө боло алат, жергиликтүү өкүлчүлүк органдарын шайлоого катышуу укугуна ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8