Жергиликтүү шамал

Википедия дан

Жергиликтүү шамал – чектелүү бир аймакка мүнөздүү шамал; ал аймактын географиялык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу болуп, тез-тез кайталанып, өзгөчө мүнөздөгү аба ырайын пайда кылат. Жергиликтүү шамал атмосферанын жергиликтүү циркуляциясынан (фён, тоо-өрөөн шамалы, кууш капчыгайлардан соккон шамал, мисалы, Боом капчыгайындагы Улан шамалы, Жоңгор дарбазасындагы ибэ шамалы) же атмосферанын жалпы циркуляциясынын өзгөрүүсүнөн (мисалы, бриз, сирокко, афган, хамсин, бора, мистраль, чинук, баргуза жана башка) пайда болушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1