Жердештирүү

Википедия дан

Жердештирүү - (Заземление) – машина, аппарат, приборлорду жана ушундай сыяктуу шаймандарды жер менен электрдик туташтыруу. Арналышына жараша коргоочу жердештирүү (мисалы, электр машиналарынын корпустарын, аппараттарды электр тогунан коргойт), жумушчу жердештирүү (мисалы, трансформаторлордун нейтралдуу чынжырларын же радиотехникалык антенналарын жердештирүү) жана чагылгандан сактагыч болуп айырмаланат. Коргоочу жердештирүү биринчи иретте адамды электр тогунан сактайт. Эгерде кокусунан түзүлүштө кыска туташуу болсо, электр тогу жердештирүүчү өткөргүч аркылуу адамга зыян келтирбей өтүп кетет (себеби, жер туруктуу нөл потенциалына ээ), ошондой эле электр чынжырларын коргоо үчүн (мисалы, жогорку жыштыктуу же начар электр сигналдарын өткөрүүчү кабелдерди тышкы тоскоолдуктардан) колдонулат. Жердештиргичтер жерге көмүлгөн тик кагылган темир түтүктөн, рельстен, жез тилкелерден же өткөргүчтөн турат. Жердештирүү каршылыгын азайтуу үчүн жердештиргичтер жер кыртышындагы суунун деңгээлинде жайгаштырылат. Мачта антенналуу радио берүү станцияларында жердештиргичтер 15–20 см тереңдикке көмүлгөн, толкун узундугунун 0,35тен 0,5 бөлүгүн түзгөн тор зымдан жасалат. Кээде жердештиргич катары темир трос же чынжыр колдонулат. Чагылгандан сактагыч жердештирүү чагылган учурунда пайда болгон токтон электр жабдууларын сактоого арналып, 200 кА ток күчүнө эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1