Жердин түркүктөрү

Википедия дан

"Жердин түркүктөрү" (англ. The Pillars of the Earth) –– Кенн Фоллетттин тарыхый романы. 1989-жылы жарык көргөн чыгармада Англиянын ойдон чыгарылган Киңсбриж шаарчасында жайгашкан чиркөө имараты тууралуу баяндалат. Чыгарма 12-кылымдын ортосундагы окуяларды, Ак кеменин чөгүшүнөн баштап Томас Бекеттин киши колдуу болгонуна чейинки мезгилди, басымдуу түрдө Анархия доорун чагылдырат. Китеп мурунку Рим архитектурасынан келип чыккан Готика архитектурасынын өнүгүшүнө көз салып, ошол учурдагы тарыхый окуялардын шартында Киңсбирждеги кечилкананын жана айылдын тагдырын сүрөттөйт.

Роман басылып чыкканга чейин Фоллетт триллер жанрында жазганы менен белгилүү болгон. "Жердин түркүктөрү" анын бестселлер эмгегин айланып, кийинчерээк анын негизинде 2010-жылы 8 бөлүктөн турган минисериал тартылган. Китеп 2003-жылкы "элдин эң сүйүктүү китебин" табуу үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжасында Би-Би-Синин "Эң көп окулган чыгармалар" тизмесинен 33-катардан орун алган. Китеп 2007-жылы АКШдагы "Орфандык китеп клубу" берүүсүнө тандалып алынган. Фоллет китептин уландысы болгон "Аягы жок дүйнө" (2007) чыгармасын басып чыгарган. Анда 150 жыл өткөндөн кийинки окуялар чагылдырылат.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]