Жеребкер Михаил Львович

Википедия дан

Жеребкер Михаил Львович (1912, Украина, Кременчуг ш. - 1986, Фрунзе ш.) - скрипкачы.

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, П. И. Чайковский атындагы Москва консерваториясынын алдындагы музыкалык Окуу жайын бүтүргөн.

1939-ж. Москвада өтүүчү кыргыз искусствосунун он күндүгүн даярдоо үчүн Кыргыз өкмөтүнүн чакыруусу боюнча 1937-ж. Кыргызстанга келген. Азыркы А, Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын оркестринин концертмейстери катары он күндүккө катышкан.

1940-жылдан М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында, П. Шубин атындагы балдар музыкалык мектебинде педагогдук кесипте эмгектенген. Көптөгөн адис музыканттарды (алардын ичинде СССР эл артисти К. Молдобасанов да бар) тарбиялаган.

Концерттик ишмердиги да айтууга арзырлык, ал кыргыз композиторлорунун скрипка үчүн жазылган көптөгөн чыгармаларынын тунгуч аткаруучусу. Анын алмашпас концертмейстери өмүрлүк жубайы Р. М. Малева болгон.

Бул музыкант үй-бүлөнүн кызы Генриетта Михайловна Жеребкер В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун (азыркы И. Арабаев атындагы университет) музыкалык факультетинде 41 жыл иштеп, республиканын музыка сабаганын мугалимдерин даярдоого чоң салым кошкон. Ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.