Жеромский Стефан

Википедия дан

Жеромский Стефан (14. 10. 1864- 20. 11. 1925) -поляк жазуучусу.

  • Кедейленген шляхтичтин үй-бүлөсүнөн.
  • Алгачкы «Аңгемелер» (1895), «Алдым-жуттумдардан курудук» (1895) жыйнактарында жана «Акыбети кайтпаган эмгек» (1897), «Шоола» (1897) повесттеринде, «Прозалык чыгармалар» (1898) жыйнагында польшалык дыйкандардын оор турмушу, элдин улуттук-боштондук күрөшү чагылдырылган.
  • «Үйсүздөр» (1900) романында, «Шайтан менен күрөшүү» (1916-19) трилогиясында польшалык интеллигенциянын идеялык изденүүлөрү баяндалган.
  • «Кул» (1902-03) аттуу тарыхый романы менен поляк адабиятынын классиктеринин катарына кошулган.
  • 1905-07-жылкы революция жөнүндө публ. макалалар жазган.
  • «Турмуш көркү» (1912), «Иуданын кайрылуусу» (1916), «Деңизден соккон жел» (1922) аттуу чыгармалардын автору. Анын чыгармаларын М. Горький жогору баалаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.