Мазмунга өтүү

Жерүй чымкөң кени

Википедия дан

Жерүй чымкөң кени Ысык-Көл облусунун Тоң районунда, Жерүй жана Көксай сууларынын кошулган жеринде, Бөкөнбаев кыштагынан 18 км батышта, деңиз деңгээлинен 1950 м бийиктикте. Чымкөң саз катмары менен байланышып, төрт чымкөң горизонтун түзөт; жалпы аянты 24,2 га, орточо калыңдыгы 0,69 м. Чымкөң күрөң түстө, чириндилер 20–25%ти түзөт. Күйгөндөгү жылуулугу 2388–3964 калл. Чымкөң кык жана акиташ менен аралаштырылганда жер семирткич катары пайдаланууга болот. Чымкөңдүн запасы С1 категориясы боюнча 252 миң м3.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]