Жер-сууга багыштап кудайы

Википедия дан

Жер-сууга багыштап кудайы (түлөө) өткөрүү — кыргызда байыртадан келе жаткан, жаратылыштын кубулуштарына арналып, атайын өткөрүлгөн элдик салт. Жер-суунун (суу, мазар жана башка) атына майда жандыкты (кой, эчки жана башка) курмандыкка чалып өткөрүлгөн диний ырым-жырым. Бул диний салт тотемизмге байланыштуу келип чыккан жана адамзаттын алгачкы сыйынуу формаларынын бири болгон. Кыргызда жаз келип чөп чыга баштаганда ар бир айыл өзүнчө карысынан жашына чейин суу башына же мазарга, мүрзөгө жакын жерге чогулушуп, мал-жандын аман болушун, жер көгөрүп чөп чыксын дешип тилек кылышып, ала барган мал жандыгын жер-сууга арнап союшкан. Жут жүрсө, мал-жандан чыгаша кетсе, жаратылыштын кырсыктары болсо да жер-суу таюу (кудайы өткөрүү) ырымын жасашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]