Жер-суу реформалары

Википедия дан

Жер-суу реформалары – 20-жылдары Түркстан АССРинде ж-а Казакстанда кедей дыйкандардын пайдасы үчүн Совет бийлигинин жүргүзгөн социалдык-экон. кайра куруулар. Жер-суу реформалары Кыргызстанда 2 этап м-н ишке ашырылган.

1-этапта (1921–22-ж.) падышалык бийликтен калган колониализмдин калдыктарын жоюуга багытталган иштер жүргүзүлүп, жергиликтүү элдердин ж-а орус дыйкандарынын жер м-н сууну бирдей укукта пайдалануу, кулактарды, байларды жеринен ажыратуу, оокаттуу дыйкандардын ашыкча жерлерин алуу, айылдарды мал айдалуучу жолдордон ж-а арыктардан алыс көчүрүү, дыйкандарга ж-а кедей дыйкандарга жер бөлүп берүү милдеттери коюлган.Жер-суу реформаларынын 2-этабы 1927–28-ж. Түштүк Кыргызстанда өткөрүлгөн.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы: Энциклопедия / Жооптуу редактор А.Асанканов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2003. – 464 б.: сүрөт. – ISBN 5-89750-150-5.