Жер-Үй чым көң кени

Википедия дан

Жер-Үй чым көң кени – Ысык-Көл облусунун Тоң районунда, Жер-Үй жана Көк-Сай сууларынын кошулган жеринде, Бөкөнбаев кыштагынан 18 км батышта, деңиз деңгээлинен 1950 м бийиктикте жайгашкан. Чым көң саз катмары менен байланышып, төрт горизонтту түзөт. Жалпы аянты 24,2 га, орточо калыңдыгы 0,69 м. Чым көң күрөң түстө, чириндилер 20–25%. Күйгөндөгү жылуулугу 2388–3964 калория. Чым көңдү кык жана акиташ менен аралаштырып, жер семирткич катары колдонууга болот. Запасы С1 категориясы боюнча 252 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]