Жер жаздыктар

Википедия дан

Жер жаздыктар - жаздык сымал өсүмдүктөр – жерге жабышып өскөн кыска сабактуу, майда жалбырактуу көп жылдык өсүмдүктөр. Алар, демейде, дайыма жашыл, өтө бутактанат, өркүндөрү өтө тыгыз жайгашат (негизги сөңгөгү жок). Өркүндөрү узунунан өспөй, каптал бүчүрлөрү көбөйүп, сыртынан кыркып койгондой болуп, жаздыкка окшош. Аларда көмөкчү тамырлар өтө көп пайда болот. Жер жаздыктардын бийиктиги бир нече смден (уюл кызгалдагы жана башка) 1 мге жетет. Бийик тоолордо, тундрада, суук чөлдөрдө, башкача айтканда жайы өтө салкын, кышы суук жерлерде калыптанат. Өсүмдүктүн мындай формаларынын пайда болушу айлана-чөйрөнүн өтө суук экендигин билдирет. Мисалы, Памирде, Теңир-Тоодогу деңиз деңгээлинен 4000 м бийиктикте өскөн кекек, каз таман – Жер жаздык өсүмдүктөрдүн тиричилик формаларынын бир көрүнүшү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1