Жер жемиш

Википедия дан

Жер жемиш - жапайы, эгилме бадал, жарым бадал жана чөп сымал жемиш өсүмдүгү.

Жер жемиштен дан куурай, кожогат, карагат, бүлдүркөн эгилет.

Жер жемиш тамак-аш катары пайдаланылат. Карагат, кожогат, бөрү карагат сыяктуу жемиште витамин көп.

Кээ бир Жер жемиштин дарылык касиети бар.

Жапайы Жер жемиш дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан, көбүнчө мелүүн жана түндүк алкакта кезигет.

Кыргызстанда Жер жемиш Ош, Ысык-Кел областтарында, Чүй менен Талас өрөөнүндө көп айдалат, жогорку түшүм алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.