Жер үстүндөгү станция

Википедия дан

Жер үстүндөгү станция – жердин жасалма жандоочуларынын жана космос кемесинин учуусун жерден байкап жана башкарып туруучу курулма. Эң жөнөкөй жер үстүндөгү станция – телеберүү сигналдарын кабыл алган спутник антеннасы. Бул антенна космос аппараттарын башкаруу үчүн радиосигналдарды жиберет жана кабыл алат. Алынган кабарды компьютерлер иштеп чыгат. Спутник же кеме геотуруктуу орбитада (мында спутник жер бетинин бир эле чекитинин үстүндө жайгашат) турбаган учурда, космостук аппараттар менен туруктуу байланышты камсыз кылуу үчүн бир нече жер үстүндөгү станцияны орнотуу зарыл. Россия менен Кытайда жер үстүндөгү станция катары кемелер пайдаланылат. Иштеп жаткан аппараттарды байкоо алардын радиосигналдары аркылуу ишке ашырылат. Кыймылсыз спутниктер менен космостук таштандылар оптикалык жана радиолокациялык түзүлүштөр (радар) аркылуу көзөмөлдөнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1