Жетимбел кырка тоосу

Wikipedia дан

Жетимбел кырка тоосу - Ички Теңир-Тоодо. Чоң жана Кичи Нарын сууларынын алаптарын бөлүп, чыгыштан (Арабел суусунун имерилген жеринен) батышты карай (Айкөл ашуусуна чейин) созулуп жаткан мегантиклиналь. Узундугу 102 км, туурасы 12 км. Орточо бийиктиги 4170 м, эң бийик жери 4627 м (Сөөк чокусу). Чыгыш бөлүгү Сөөк деп аталат. Чыгышындагы Арабел жана Жогорку Нарын өрөөндөрүнөн салыштырмалуу бийиктиги 600–1000 м, батышындагы Буркан жана Арчалы өрөөндөрүнүн 1000–1200 м көтөрүңкү. Тоо бир кылка, оркойгон чокулар жок. Капталдары тик жана кыска, тепши сымал өрөөндөр менен терең тилмеленген; өрөөндөрдүн төрлөрүн мөңгү ээлеп, касаба жабык төрлөр менен бүтөт. Байыркы муз каптоонун издери (байыркы түздүктөр, тепши сымал өрөөндөр, мөңгү таштар жана башкалар) көп кездешет. Ашуулары (мөңгүнүн таасиринен пайда болгон): Жетимбел (3993 м бийиктикте), Сөөк (4022 м), Сарытөр (4050 м), Кызылсуу (3975 м).

Негизинен жогорку протерозойдун гранит, гранит-диорит, филлит, кварцит, Сөөк тоосу мраморлошкон, доломиттешкен кристаллдык акиташ тегинен, графиттешкен филлит тектеринен түзүлгөн. Аталган тектердин байыркы түзүлүштөрү неоген төртүнчүлүк мегзилдеринде жогору көтөрүлүп, бийик тоолуу рельеф пайда болгон. Тоо мөңгүлүү, алардын жалпы аянты 84,6 км2 (чыгышты карай мөңгүнүн аянты кеңейе баштайт). Тоонун түштүк капталына (3200–3600 м) жарым чөл, кургак талаа (3300–3900 м), альп талаасы (3800–4000 м), 4000 мден жогору гляциалдык-нивалдык; түндүк капталына шалбаалуу талаа (3700–3900 м), субнивалдык (3600–3800 м), 4000 мден жогору гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Кырка тоодогу ашуу аркылуу Ысык-Көл өрөөнүн сырт менен байланыштыруучу авт. жолу өтөт. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]