Жетим сериясы

Википедия дан

Жетим сериясы - Ортоңку Тянь-Шандагы байыркы тоо тек катмарлары.

Жетим кырка тоосунда, Чыгыш Тянь-Шандагы Куру-Too кыркаларында (Кытай), Чоң-Кара-Тоо менен Улуу-Тоодо (Казакстан) кеңири таралган.

В. Г. Королёв (1957) өзүнчө геологиялык серия катары бөлүп, Жетим кырка тоосунун аты менен атаган. Жетим сериясынын астыңкы бөлүгү жетим тоо, ортосу жакболот, эң үстү байконур геологиялык свиталарынан турат.

Жетим сериясы мурсаш сериясына кээ бир жерде чоң-нарын жанар тоо плутондук комплексине трансгрессивдик келишпестик менен жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.