Жетим темир руда талаасы

Википедия дан

Жетим темир руда талаасы Орто Азиядагы темир рудалуу ири бассейн. Нарын шаарынан 60 км чыгышта, Жетим кырка тоосунун түштүк капталында, деңиз деңгээлинен, 2250–3800 м бийиктикте жайгашкан. 1957–58-ж. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Узундугу 34 км, туурасы 500 м. Руда талаасын рифей-венд мезгилинде метаморфизмден пайда болгон акиташ теги, каралжын көмүртек-чополуу сланецтер, кумдук ж. б. тектер түзөт. Мында темир рудасынын өз алдынча 6 кени бар. Руда негизинен гематит жана магнетит минералдарынан түзүлүп, алардын өлчөмүнө жараша гематит-магнетиттүү жана магнетит–гематиттүү болуп 2 типке бөлүнөт. Рудалар кабат сымал линзалар түрүндө жатат. Мындагы темир рудасы чөкмө-метаморфизм кендерине кирет, бирок кийинки изилдөөлөр боюнча анын жанартоо-чөкмө түрүндө пайда болгондугу да далилденүүдө. Рудадагы темирдин орточо өлчөмү 31,7%. Талаа боюнча темир рудасынын болжол ресурсу 5,395 млрд т, темирдики – 1,71 млрд т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]