Жетим тоолор

Википедия дан

Жетим тоолор - аралча тоолор – кенен өрөөндүү (түздүктүү) аймакта жалгыздап же топ-топ болуп жайгашып, негизги тоодон обочолонуп турган тоолор менен дөңсөөлөр. Алардын бийиктиги 100 мден 1000–2000 мге чейин. Негизинен ариддүү климат өкүм сүргөн тоолуу аймактын денудацияга дуушарланышынан же болбосо жергиликтүү тоо пайда болуу процессинен жаралат. Кыргызстанда жетим тоолор кеңири тараган. Ага байланыштуу пайда болгон топонимдер да бар (мисалы, Жетим-Тоо, Жетим-Бел, Орток-Тоо).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1