Жетисандал, тоо

Википедия дан

Жетисандал, Тоо – Чандалаш тоосунун орто бөлүгүндөгү тармагы. Кайың жана Сарыкол (Чаткал суусунун оң куймалары) сууларынын алабында жайгашкан. Чаткал р-нун аймагында. Узундугу 25–27 км, туурасы 4–5 км. Орточо бийиктиги 3300–3600 м, эң бийик жери 3969 м.

Тоонун түштүк-чыгыш капталы Чаткал өрөөнүн көздөй тик түшүп, кокту-колоттуу. Кыры аскалуу, мөңгүлөрү жок. Карбондун акиташ, конгломерат, доломиттүү акиташ тектеринен турат. Ландшафтына талаа жа шалбаалуу талаа (2500–2600 мге чейин), шалбаа бадалдуу токой (2500–2900 м), субальп, альп шалбаасы жана шалбаа талаа (2900– 3500 м), андан жогору зоокалар мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]