Жетиштүү негиз мыйзамы

Википедия дан

Жетиштүү негиз мыйзамы ― салттуу логикада ой жүгүртүүнүн төрт мыйзамынын бири; ал боюнча акыбал үчүн жетиштүү негиз болгон учурда гана ал чындык деп таанылат.

Жетиштүү негиз – нукура чыныгы акыбал (же акыбалдардын жыйындысы) болуп, негизделип жаткан акыбал андан логикалуу ырааттуулукта келип чыгат. Негиздин чындыгы же практика жүзүндө тажрыйба аркылуу далилденет же башка акыбалдардын нукуралыгынан чыгарылат. Жетиштүү негиз мыйзамы мурда да логиканын көптөгөн системаларында (мисалы: Левкиппте, Аристотелде) белгиленип келсе да, биринчи жолу Лейбниц тарабынан негизделген.

Жетиштүү негиз мыйзамы – далилдүүлүктүн-логикалык жактан туура ой жүгүртүүнүн мүнөздүү белгилеринин бирин туюндурат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8