Жети-Суу тарыхынын очерки

Википедия дан

Комитет тарабынан чыгарылуучу «Эскерүү китепчесине» өлкөнүн кыскача тарыхын жана маанилүү окуялардын хронологиялык көрсөткүчүн жазып берүү тууралуу сунушту терең ыраазы боло кабыл алдым. Жети-Суунун жергиликтүү тарыхына кызыгуу фактысынын жаралышынын өзү эле Орто Азиянын тарыхын изилдөөчү үчүн эң жогорку деңгээлдеги кубаныч, анткени ал бул тарыхты жергиликтүү күчтөрдүн жигердүү катышуусу менен гана толук жана ар тараптуу изилдөөгө мүмкүн экендигин түшүнөт. Бизге жеткен жазма булактар көбүн эсе үзүл-кесил жана толук эмес болгондуктан, археологиялык материалдар менен толуктоого муктаж. Өлкөгө кыска убакытка келгендиктен жергиликтүү элдердин ишенимине жетишүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок адамдар үчүн бул материалды топтоо дээрлик ишке ашкыс кыйынчылыктарды жаратат; ал жерде дайыма жашаган адамдар гана мындай изилдөөлөрдү алда канча кеңири өлчөмдө жүргүзө алышат жана илимди чыныгы баалуу ачылыштар менен байытышат. Бул сыяктуу ачылыштар Жети- Суу областында да жасалган (Пишпектин жана Токмоктун жанындагы несториан көрүстөндөрүнүн ачылышын көрсөтөбүз), бирок алиге чейин аздыр- көптүр кокустук мүнөзгө ээ. Археологиялык материалдардын басымдуу бөлүгү илим үчүн эч пайда алып келбей эле жок болууда; алсак, Токмоктун жашоочулары Бурананын тегерегиндеги арыктардын эски нуктарынан көптөгөн тыйындарды табышкандыгы мага маалым, бирок бул тыйындардын топтомунун кайсы бир жерде бар экендигин мен биле албадым. Бардык эле башка иштер сыяктуу жергиликтүү байыркы эстеликтерди изилдөөнү ишти туура уюштурганда гана ийгиликтүү жүргүзүүгө болот193. Андыктан, мезгилдин өтүшү менен бул максат үчүн Талас өрөөнүнөн табылган байыркы түрк жана уйгур жазуулары сыяктуу баалуу ачылыштары менен эмитен эле илимди байытууга жетишкен Түркстан крайындагы коом сыяктуу Жети-Сууда да белгилүү милдеттери жана укуктары бар коом түзүлөөрүнө үмүтүм бар экендигин билдирүүгө жол берем.

Албетте, археологиялык материалдарды топтоо менен эле жергиликтүү күчтөрдүн өлкөнүн тарыхын изилдөө ишине кошкон пайдасы бүтүп калбайт.

Байыркы географиялык аталыштарды азыркысы менен окшоштуруу, ошондой эле өлкөнүн тарыхынын географиялык шарттарга көз карандылыгын анык- тоо үчүн өлкө менен жеке таанышуу зарыл. Тарыхчы үчүн этнографиялык маалыматтардын маанисин түшүндүрүүнүн кажети деле жок, аны жыйноодо жергиликтүү ишмерлер кыйла артыкчылык шарттарда турушат.

Сунуш кылынган эмгек аталган багытта иштегиси келген айрым адамдарга пайда алып келээр деп биз үмүттөнөбүз. Биздин кол жеткен басылып чыккан жана кол жазма даректер боюнча Жети-Суу жөнүндөгү ушуга чейин белгилүү болгон тарыхый материалдарды бир бүтүн нерсе катары топтоого аракеттендик, ошол эле учурда өлкөнүн тарыхый жашоосунун ар кайсы мезгилдеги турмуштук шарттары тууралуу кабарларга өзгөчө көңүл бурдук. Биз, илимдин азыркы талаптарын канааттандырарлык, сөздүн азыркы маанисиндеги өлкөнүн тарыхын жазганыбыз жок; мындай эмгек үчүн мезгил келе элек; суроолор көп, аларды туура чечмелебей туруп өлкөнүн тарыхый жашоосунун жүрүшүн түшүндүрүү мүмкүн эмес, биз аларга кандайдыр бир жооп берүүгө батынбастан, негизги багыттарын гана көрсөттүк. Сунуш кылынган очерк келечектеги тарыхчы үчүн материал катары гана кызмат өтөөгө жана андан аркы изилдөөлөр үчүн башталгыч чекит болууга тийиш. Бул максатка ал кандай деңгээлде жооп берээрин биз айта албайбыз.

Булак:Бартольд, Соч., т. II (1), стр. 23—106]