Жети-өгүз көрүстөнү

Википедия дан

Жети-өгүз көрүстөнү – болжол менен биздин замандын 1-миң жылдыгына таандык археологиялык эстелик (бардыгы 150дөй). Жети-Өгүз кыштагынын түштүгүндө тоо этектей жайгашкан. Алардын үстүнө тегерете таш төшөлүп, тик бурчтуу жана чарчы таш тосмолор коюлган. Айрымдарынын бурчтарына таш балбалдар орнотулган. Бейит белгилеринин түрдүүлүгү көрүстөнгө табыттардын ар кандай мезгилде коюлганын далилдейт. Таш балбалдар орнотулган тик бурчтуу тосмолор менен таш төшөлгөн дөбөлөр 6–8-кылымдагы түрктөргө таандык экенин археологдор аныктаган. Биздин замандын1-миң жылдыгында Кыргызстанда жашаган көчмөн калктын маданияттын изилдеп билүүдө бул көрүстөндүн мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1