Жети жылдык согуш (1756–63)
Жети жылдык согуш (1756–63) – Борбордук Европада үстөмдүгүн орнотуу үчүн европа өлкөлөрүнүн ортосундагы ири конфликт. Бир тарабында Орусия, Австрия, Франция, Испания, Швеция, Саксония, экинчи жагында Пруссия, Улуу Британия, Португалия жана герман мамлекеттери (Гессен-Кассель, Брауншвейг, Шаумбург-Липпе, Саксен-Гота) ортосундагы согуш. 1756-ж. Пруссиянын Саксонияга басып кириши менен согуш башталган. Ал Түндүк Америка жана Ост-Индиядагы колониялар үчүн англия-франциялык карама-каршылыктардын курчушунан, Австрия, Франция, Россиянын кызыкчылыктары менен Пруссиянын агрессиячыл саясатынын кагылышынан келип чыккан. 1757-ж. Росбах менен Лейтендин жанында Фридрих IIнин (пруссиялык) армиясынын жеңиштери россиялык-австриялык аскерлердин Кунерсдорф салгылашындагы (1759) жеңиши менен жокко чыгарылган. 1761-ж. колонияларда жана деңизде айыгышкан салгылашуулар жүрүп, Пруссия кыйроого жакындап калган, бирок 1762-ж. Россиянын жаңы падышасы Пётр III аны менен союз түзгөн. 1763-ж. Австрия, Саксония менен болгон Губертусбург тынчтык келишими боюнча Пруссия Силезияны өзүнө караткан. Париж тынчтык келишими (1763) боюнча Канада, Чыгыш Луизиана, Индиядагы франциялык ээликтердин көп бөлүгү Улуу Британияга өткөн, ошондой эле Англия Испаниядан Флориданы тартып алган. Жети жылдык согуштун башкы жыйынтыгы – колониялык ээликтер жана соодадагы биринчилик үчүн күрөштө Улуу Британиянын Франциянын үстүнөн жеңишке жетиши болгон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1