Жеңил музыка

Википедия дан

Жеңил музыка - кыргыз музыка өнөрүндөгү кабыл алууга элпек, негизинен көңүл көтөрүүгө арналган оюн-зоок музыкасы. Мазмуну менен обону жөнөкөй, обону үйрөнүүгө оңой. Жеңил музыканын негизги жанрларына марш, чакан увертюра, сюита, рапсодия, курама күү (попурри), оперетта, балет темаларына жазылган фантазия, эстрадалык обондор, обондуу ырлар менен романстардын айрым түрлөрү кирет. Жеңил музыканын айрым белгилери А.Моцарт, Ф. Шуберт өңдүү композиторлордун чыгармаларында болгон. 19-к. И. Ланер, Оффенбах жана ата-бала Штраустар жеңил музыканын классикалык үлгүлөрүн жаратышкан. Жеңил музыка азыркы күндүн музыкасында маанилүү орунду ээлейт. Жеңил музыканын бир тармагы - жаз. Жеңил музыка учурдагы кыргыз музыка өнөрүнөн өз ордун таап, өзүнчө музыкалык шоу багыт катары өнүгүү абалында. Бул багыт өзгөчө эркиндиктин соңку жылдарында өнүгүү жолунда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]