Жеңишбек Дөңбаев
Көрүнүш
Жеңишбек Дөңбаев | |
Жынысы |
эркек |
---|---|
Жарандыгы | |
Төрөлгөн датасы | |
Төрөлгөн жери | |
Спорттук карьерасы | |
|
Жеңишбек Дөңбаев - 12-июль 1945-жылы эркин күрөш боюнча СССРдин Спорт чебери(1967), КРнын (1985) жана СССРдин(1991) Эмгек сиңирген машыктыруучусу Талас районундагы Кер-Арал айылында туулган.
Биография
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1969-жылы Бишкек политехника институтун бүтүргөн.
- Жеңишбек Дөңбаев 1969-1970-жылдары СССРдин студенттердин биринчилигинде алтын байгени уткан.
- 1969-жылы профсоюздардын бүткүл союздук Спартакиадасында биринчи орун алган.
- 1969-1972-жылдары СССРдин тандалма командасынын мүчөсү,
- 1970-жылы Республикалык спорт чеберлеринин жогорку мектебинин күрөш боюнча машыктыруучусу,
- КРнын курама командасынын мүчөсү (1969-1971) болгон.
- Ал эми 1983-1999-жылдары Кыргыз Республиканын курама командасын жетектеп, Олимпиадалык даярдоо борборунда балбандарга таалим-тарбия берген.
- 1999-2009-жылдары бокс жана күрөш боюнча РОРБСМ жетекчиси,
- 2009-2011-жылдары КРнын күрөштү өнүктүрүү борборунун жетекчиси болгон.
- Жеңишбек Дөңбаев 1993-жылы КРнын Ардак грамотасы менен сыйланып, 2001-жылы "КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери" наамына арзыган.
Жеңишбек Дөңбаев ондогон чебер балбандарды тарбиялап чыгарган. Алардын катарында К.Амуралиев, Н.Изабеков, М.Бобурбеков, Н.Дөңбаев, А.Аскаров, А. Терогелдиев, Р.Маджинов, Б.Омуракунов, Ч.Изабеков, И.Тазабеков ж.б. бар.