Жеңиш Жакыпов

Википедия дан

Жакыпов Жеңиш Илебаевич - (13. 10. 1954-ж. туулган, Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары) – милициянын генерал-майору (2008). СССР ИИМдин Караганды жогорку мектебин (1976), Москва академиясын (1982) бүткөн. 1976–78-ж. Нарын облусу ички иштер башкармалыгында кылмыш издөө бөлүмүнүн улук инспектору, 1978–80-ж. Тогуз-Торо райондук Ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, 1982–84-ж. Нарын облусу ички иштер башкармалыгында социалдык менчикти уур­доого жана алып сатарлыкка каршы күрөш бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, начальниги, 1984-жылдан облусу ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары, 1988–89-ж. Ысык-Көл облусу ички иштер башкармалыгынын социалдык менчикти уурдоого жана алып сатарлыкка каршы күрөш бөлүмүнүн начальниги, 1989–91-ж. ИИМдин кылмыш издөө башкармалыгынын начальниги, 1991–98-ж. Ысык-Көл облусу ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары, начальниги, 1998–2003-ж Нарын облусу ички иштер башкармалыгынын начальниги, 2003–05-ж. КРдин Ички иштер министрлигинде Кылмыш издөө башкы башкармалыгынын начальниги, 2006-ж. баңги заттарга каршы кү­рөшүү боюнча башкармалыктын начальниги, 2006–08-ж. КР ички иштер министринин орун басары. 2008–09-ж. КР Ички иштер министринин Түштүк региону боюнча орун басар болуп иштеген. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1