Жибектеги живопись –

Википедия дан

Жибектеги живопись – негизинен Ыраакы Чыгыш өлкөлөрүнүн көркөм искусствосунда тараган живопистин бир түрү. Кытайда жибек жебилге менен иштелүүчү иштин негизги катары биздин заманга чейин 1–миң жылдыктан эртерээк эле каллиграфтар тарабынан, ал эми болжолдуу түрдө биздин заманга чейин 3-кылымда живописчилер тарабынан колдонула баштаган. Кездеме атайын иштетүүдөн өткөн; Сун династиясынын (X–XIII к.) мезгилинде кытай живописи гүлдөп өнүккөн жана жибек квасцынын кошундусу менен иштетилген. Ж. ж-те анын ар кандай башка жанрдан айырмалаган өзгөчө фактуралык-мейкиндик көркөмдүгү бар. Заманбап көркөм искусстводо Ж. ж. көбүнчө колдонмо формаларда кеңири тараган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]