Живопись по-сырому

Википедия дан

Живопись по-сырому (боёк кургай электеги) (италянча alla prima – «аля прима» деп окулат) – сүрөттүн тартылып бүтүшүн боёктор кургап кала электе бүтүрүүнү талап кылган жана ошондуктан тыныгып бир далай убакытта аткарылуучу этаптарга бөлүнгөн подмалёвок прописка, лессировканы жокко чыгарган майлуу боёктор живописинин техникасынын бир түрү. Иштин кыска мөөнөттө бүтүрүлүшүнө байланыштуу Ж. п.-с-нун белгилүү артыкчылыктары (жакшы сакталууда, жаңы тартылышы, техникасынын салыштырмалуу жөнөкөйлүгү) бар, бирок майлуу боёктор живописинин бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана албагандыктан, анын маанилүүлүгү чектелүү. Ошого карабастан ири полотно – картина менен иштөөдө Ж. п.-с. бирден бир колдонулбаган техникалык каражат болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]