Жигули тоосу

Википедия дан
Жигули тоосу.

Жигули тоосуВолга дарыясынын оң жээгиндеги тоо. Самара жебеси деп аталган имерилиште. Волга бою дөңсөөсүнүн бир бөлүгү. Узундугу 75 кмдей, бийиктиги 375 мге чейин. Волгага караган капталы тик, жардуу, коо-колоттор көп. Негизинен палеозой жана мезозойдун акиташ, доломит тектеринен турат. Түндүк капталында жазы жалбырактуу жана мырза карагай токою, түштүгүндө токойлуу талаа өсүмдүктөрү өсөт. Муна кени бар. Жигулиге жакын Волга ГЭСи курулган. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5