Жикилдер-чигилдер

Википедия дан

Жикилдер-чигилдер байыркы түрк урууларынын бирикмеси. 8-10-кк. Карлук каганатына кирген. Ысыккөлдүн түштүк аймагы менен түндүк-чыгышын байырлаган чигилдердин бир бөлүгү Талас суусунун өрөөнүндө жашаган. Чигилдер кыргыздар менен карым-катнашта турушкан, болжолу кыргыздардын бир этностук бөлүгү болушкан. Көчмөн мал чарбачылык, дыйканчылык менен кесиптенишип, соода-сатык ишин жигердүү жүргүзүшкөн. Шаарлары (Тоң суусунун өрөөнүндөгү шаар калдыгы; Барскан шаары), кыштактары болгон. Чигилдер Караханий мамлекетинин негизин түзүшкөн. Маалыматтар чигилдер карахан аскерлеринин орчундуу бөлүгүн түзүшкөндүктөрүн баяндайт. 19-к.биринчи жарымында жашап өткөн бугу уруусунун башкы бийи Боронбай өзүн чигилдердин урпактары экендигин белгилегендигин орус булактары баяндайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]