Жихад, газават

Википедия дан

Жихад, газават - Ыйык Курандагы, мусулманчылыктагы жоболордун бири. Анда колуна курал кармоого жарактуу ар бир момун мусулман ислам үчүн коркунуч туулганда согушка аттануусу зарыл экендиги айтылат. Жихад көпчүлүк учурда тышкы душмандарга каршы көтөрүлүүдө чакырылат. 19-к. Шамилдин Түндүк Кавказдын мусулман калкын жихадка, газаватка көтөргөнү маалым. Соңку жаңы доордо Индонезияда колониячылдарга каршы, Афганистанда Совет аскерлерине каршы көпчүлүк эл газаватка, жихадка көтөрүлүшкөндүгү маалым.

Жоктоо - кыргыздын элдик салт ырларынын бир түрү. Мазмуну жагынан кошокко жакын. Жоктоо көбүнчө көзү өткөн маркумдун сөөгүнүн үстүндө болбой калган жакыны, тууганы тарабынан айтылып, жоктоо аркылуу келген адам өлгөн адамга карата өз кайгысын, күйүтүн билдирет. Жоктоодо маркумдун бул жалгандагы (дүйнөдөгү) турмуштагы өмүрү, орду, кесиби, кулк-мүнөзү айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]