Жолборс

Википедия дан
Жолборс.

Жолборс (лат. Panthera tigris, L. 1758) - мышыктар тукумундагы сүт эмүүчү ири жаныбар. Дене узундугу 160-190 см, чанда 3 м, салм. 300 кгдай, куйругу 1,4 мге жетип, кулагы кыска, буттары күчтүү, таманы жазы, тырмагы курч. Жүнү кыска, тыгыз, жумшак. Түсү кызгылт сары. Капталында кара тилкерлери бар. Кытай, Индия, Инди-Кытай, Малай архипелагы жана Иранда; Россиянын Приморье крайында (амур жолборсу) кездешет. Ал бадалдуу жана калың камыштуу жерлерди, дарыя жээктерин, токойлорду мекендейт. Көбүнчө эчки-теке, аркар-кулжа, бугу-марал жана башка жаныбарларды кармап жейт. 2-3 жылда 1 жолу 2-6 күчүк тууйт. 15-17 жыл жашайт. Аярлап басат, сууда жакшы сүзөт. ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]