Жолдошева Чолпон Токчороевна

Википедия дан

Жолдошева Чолпон Токчороевна - (20. 12. 1929-жылы туулган, Пишпек) адабиятчы, филология илимдеринин доктору (1983), КР УИАнын корреспондент мүчөсү (1984), КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1984), профессор (1993). Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик ун-тин бүтүргөндөн (1952) КМУда окутуучу, кафедра башчысы. Окумуштуунун ад-ттын орчун маселерине арналган макалаларында («Русско-киргизские литературные взаимосвязи», «Ч. Айтматов и современный литературный процесс», «Взаимобогощение национальных советских литератур и художественный перевод», «Киргизская литература в контексте русской культуры»), ил. эмгектеринде орус-кыргыз адабий байланыштары, кыргыз профессионал адтынынжанаадабий процессинин өсүп-өнүгүшүндө орус ад-тынын таасири, бул байланышгарда көркөм котормонун ролу сыяктуу маселелерди көтөрүп, кеңири талдоого алган. Жолдошева орус ад-тчыларынын, теоретиктеринин эмгектерине таянып, көркөм котормонун сапатын арттыруунун зарылдыгын далилдеген. 100дөн ашуун ил. эмгектин, анын ичинен 3 монографиянын автору. Данакер ордени (2001)жанамедалдар менен сыйланган. Эмгектери: Киргизская проза в русских переводах. Ф., 1977; Современная киргизская повесть и проблемы перевода. Ф., 1981.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]