Жолдош сурамай

Википедия дан

Жолдош сурамай — жаштар оюну. Жаштар тобу бир кыз, бир уландан уй мүйүз тартып олтурушат. Оюн башчысы адегенде олтургандар менен болуучу оюндун шартын (10-15 сап ыр 3-5 жаңылмач жана башка) макулдашат да, улан-кыздарга: «Кимге жолдош керек?» - деп кайрылат. Алар мага дешип кол көтөрүшөт. Оюн башчысы олтургандардын бирөөнө: «Сага ким керек?» - дегенде каалаганын кыз же жигиттин жубу жолдошумду алаар болсоң ырдагын же баланча шап бергин дегендей шарт коет. Жолдош сураган кыз же жигит шартты аткарса, каалаган кишисин жанына отургузуп алат. Суралган жигиттин же кыздын жанындагысы бербейм десе, жолдош сураганы ага шарт коет. Эгер талап кылынган шарт аткарылса, жанындагы жолдошун эч кимге бербей алып калат. Бул оюн жаштарды ырдай билүүгө, так сүйлөөгө, баамчыл болууга тарбиялап, ар кимисинин өзү каалаган курбусу менен таанышуусуна шарт түзгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]