Жолоев Нурбек

Википедия дан

Жолоев Нурбек 1968-жылы 18-майда Ош шаарында туулган.

  • 1985-жылы Октябрь кыштагындагы A. С. Мичурин атындагы орто мектепти,
  • 1992-жылы Оренбург Мамлекеттик Педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетин,
  • 1997-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин юриспруденция факультетин аяктаган.
  • 1986-1988-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
  • Эмгек жолун 1992 - 1993-жылдары A. С. Мичурин атындагы орто мектепте мугалим болуп иштеп баштаган.
  • 1993-1996-жылдары Жалал-Абад Ички Иштер Башкармалыгында инспектор,
  • 1996-2013-жылдары Ички Иштер Министрлигинде ар кандай даражада кызмат өтөп,
  • 2013-жылдан бери Жалал-Абад областтык Ички Иштер Башкармалыгынын Коопсуздук кызмат бөлүгүнүн башчысы болуп кызмат кылат.
  • «Милициянын отличниги» Бир канча медаль, ардак грамоталар менен сыйланган.
  • Милициянын полковниги.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3